«Ак ниет ишкерлер аэропортто VIP-зал аркылуу акысыз өтө алышат». Садыр Жапаров жаңы жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда өлкөнүн Салык кызматынын кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койгонун айтты.

«Жарлыктын негизинде «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери» наамы киргизилип жатат. Эми биздин экономикага салым кошкон, ушул наамга ээ болгон ак ниет ишкерлерибизге Кыргыз Республикасынын кызматтык паспортун алуу укугу берилет, алар аэропорттордо расмий делегациялар залы, бизнес-залдар, VIP-залдар аркылуу акысыз өтө алышат. Ошондой эле эмгек сиңирген ишкерлер президенттин чет өлкөлөргө иш сапары учурунда мамлекеттик жана расмий делегациялардын курамына да киргизилет», — деди ал.