Президент Садыр Жапаров кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жок кылынышы боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди
«Операция кандай болгон, мыйзамдуубу же мыйзамсызбы тез арада тергөө иши жүргүзүлсүн делип иш аскер прокуратурасына берилди. Азыр тергөө жүрүп жатат. Жыйынтыгын күтөлү», — деди ал.
4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүдө өлтүрүлгөн. 5-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Мындан ары «мыйзамдагы ууру» деген болбойт» деген.