Садыр Жапаров элди бактысыздыкка эмне түртөрүн айтты

Кыргызстандын эли парламенттик шайлоо таза жана татыктуу өтөт деген ишенимде. Шайлоодогу алдоо жолдору менен добуш сатып алуулар дагы коррупциялык көрүнүш, керек болсо, андан дагы коркунучтуу көрүнүш. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

«Паракорлук менен тууганчылыктын айынан мыйзамсыз жана адилетсиз өткөн шайлоо коомду бактысыздыкка гана түртөт. Удаа-удаа революциялардан чарчаган өлкөбүздүн тарыхындагы трагедиялуу окуяларды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мындан ары ар бир Кыргыз жаранынын добушу уурдалбашы үчүн болгон күчүбүздү үрөп, бардык аракеттерди көрөбүз. Мен дагы, Министрлер кабинети жана күч органдары дагы мындай мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн эң чечкиндүү чараларды көрөт деп элибизди ишендирип кетким келет», — деди ал.