Президенттин маалымат кызматынын башчысынын айтымында, өлкө башчысынын жардамчыларынын бири Айдар Халиков кызматтык күбөлүгүн өзүнүн жеке кызыкчылыктарына пайдаланган.
«Өзбекстандан контрабанда менен шифер ташып, айыл өкмөт башчыларына, алыскы райондун акимдерине кирип, ар кимге ортомчу болуп, туура эмес иштер менен алектенген. Анын мындай жоругу президентке жетип, Халиковду эле эмес, коомдук башталыштагы кеңешчи, жардамчылардын баарын статусунан ажыраткан», — деп жазган Орунбеков.