Садыр Жапаров: «Эл судьялардын иштерине, сот адилеттигинин акыбалына дале болсо нааразы»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта Кыргыз Республикасынын судьяларынын XII курултайына катышууда. Ал сөз сүйлөп жатып, коомубуз да, жарандарыбыз да судьялардын иштерине, сот адилеттигинин акыбалына дале болсо нааразы экенин айтты.

«Былтыр президенттик кызматка киришкенде алгачкы кадамдарымдын бири катары сиздер менен жолугушуу өткөрүп, анда сот системасында түзүлгөн жагымсыз кырдаалды жөнгө салуу, судьялар менен байланышкан терс көрүнүштөрдү жоюу, жалпы системаны туңгуюктан чыгарып, алдыга жылдыруу жана судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөө жолдору тууралуу ачык-айкын сүйлөштүк эле. Ошондо мен өзүм сиздерди коргоп, керек болсо сиздерге көз карандысыздыктын кепили болуп берейин деп убада бергем. Ал эми сиздерден болгону кайраттуулукту, эрктүүлүктү көрсөтүүнү, кандай гана кийлигишүү же кысым болбосун, каршылык кылып бекем туруп, мыйзамдын диктатурасын орнотуп берүүңүздөрдү сурангам. Андан туура бир жыл өттү, кандай өзгөрүүлөр болду деген суроолор туулат.

Өткөн жылы мамлекетибизде конституциялык чоң реформа жүргүзүлүп, бүткүл элдик референдумда жаңы Конституция кабыл алынды. Конституцияда өлкөбүз үчүн актуалдуу болгон чакырыктар камтылып, биз эл катары баалаган баалуулуктар, коомубуз умтулган идеалдар чагылдырылган. Ошондой эле конституциялык реформанын алкагында сот системасын жөнгө салуучу 5 мыйзам демилгеленип, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Аталган мыйзамдар аркылуу соттордун көз карандысыздыгын чыңдоого жакшы шарттар түзүлүп берилди. Мындан тышкары, судьялардын эмгек акылары жогорулатылып, материалдык-техникалык жактан камсыздоо жакшыра башталды. Кудай буюрса, алдыда бул багытта дагы көптөгөн алгылыктуу иштер жүзөгө ашырылат. Ал эми аймактардагы сот имараттарынын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу мен жакшы кабардармын. Судьяларды кызматтык турак жайлар менен камсыз кылуу, соттор үчүн заманбап имараттарды куруу боюнча пландарыбыз бар. Демек, мамлекет тарабынан сотторго тиешелүү шарттарды түзүү кадамдары жасалып, камкордук көрүлөт. Бирок судьялар корпусу тарабынан соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталган чечкиндүү кадамдар байкалбай жатат! Коомубуз да, жарандарыбыз да судьялардын иштерине, сот адилеттигинин акыбалына дале болсо нааразы», — деди ал.