Президент коронавирустук абал турукташкан соң, Кытайга иш сапар менен барарын билдирди

«Коронавирус боюнча абал турукташкандан кийин мен Кытайга сапар алам». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйында билдирди.

«Кытай менен кызматташтык ырааттуу өнүгүп, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу саясий диалогдор болуп турду. Кытай өнөктөштөрүбүз коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө жана социалдык-экономикалык кесепеттерди жоюуда бизге чоң жардам көрсөтүштү. Кытай менен баардык маселелерди сүйлөшүп, соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууну алдыга жылдырабыз», — деди өлкө башчысы.