Садыр Жапаров «Кумтөр» маселесин колдоп берген депутаттарга ыраазычылык билдирди

Президент Садыр Жапаров «Кумтөр» маселесин колдоп берген депутаттарга ыраазычылык билдирди. Бүгүн, 9-мартта мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, анда салтанаттын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөдү.

«Мына бүгүн «Кумтөр» маселесин колдоп бердиңиздер, терең ыраазычылык билдирем. Алдыда дагы бир топ маселелер — мамлекетибизди экономикалык каатчылыктан чыгарып кетүүчү эң чоң долбоорлор болот. Аларды дагы сиздерге алып келебиз. Сиздер менен биргеликте коркпой, эки жакты карап кылчактабай, чечкиндүү кадамдарга барып, тездик менен алдыга жылууну уланта беребиз.

Кризистик абал бара-бара оорлошо бере турган болсо, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн болгон күчүбүздү, бар мүмкүнчүлүгүбүздү жумшоого туура келет. Андыктан, Министрлер кабинети негизги басымды айыл чарбасына жасап, айдоо жерлерибизди кысыр калтырбай эгин эгип, жалпы эле айыл чарба продуктыларын өндүрүү менен аларды кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканы да ушундан. Биз колубузда болгон акчабыздын баарын бердик, 26 миллиард сом. Албетте, бул сумма бардык дыйкан-фермерлерди дүңүнөн камсыз кылып коюуга жетпейт. Ошондуктан эмдиги жылдарга дагы караштырып жатабыз. Биздин оюбуз боюнча үч-төрт жылда толук камсыз кылабыз. Албетте, казынабыз толтура болсо, быйыл эле толук камсыз кылып койсок жакшы болот эле. Бирок акыбалыбызды жакшы билесиздер.

Пандемиядан кийин биз эмес өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы да калыбына келе элек. Бирок ушундай кыйынчылыкка карабастан, 1-апрелден тартып бардык социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрөлү деп чечтик. Эмгек акылар бир гана салыктын эсебинен көтөрүлөт. Өткөндө бир депутат «кредит алып эмгек акы көтөрүп жатасыңар» деди. Министрдин орун басары тыңгылыктуу жооп бере албай жатат, же өзү билбейт, же даяр эмес. Ал орун басар боюнча Министрлер кабинетинин төрагасына тапшырма бердим. Кызматка татыктуу эмес болсо бошотуш керек. Азыр биз кызматка тааныш билиши, же бирөөнүн көңүлү үчүн кармап турууга акыбыз да жок. Бизди убакыт күтпөйт.

Ыкчам чечүүнү талап кылган калган маселелер боюнча, мен өткөндө да айттым эле, Министрлер кабинетинин чоң жыйынына келип, өз маалында маселе коюп, жообун алсаңыздар болот. Министрлер кабинетинин толук курамынын жыйыны ар бир бешинчи күнү саат 18:00до өтүп турат. Сиздер барып катышканга акылуусуздар. Сөзүмдүн акырында ишибиздин ыкчам жүрүшү үчүн ийкемдүү делген ыкмалар, иш-аракеттер менен кызматташуу болсо деген тилегим бар», — деди өлкө башчысы.