Садыр Жапаров: «Кумтөрдө» өндүрүлгөн бардык алтын Кыргыз Республикасында калууда»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде тоо-кен тармагынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Геологунун күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун урунттуу учуру:

«Мамлекетти туруктуу жана ырааттуу өнүктүрүүдө бул тармактын маанисин эске алып, алгачкы жарлыктарымдын катарында «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койгонум эсиңиздерде. Анын алкагында бир катар реформалар жүргүзүлүп, жергиликтүү мамлекеттик ишканалар аркылуу стратегиялык кендерди Кыргызстан өзү иштетүүнү колго алды. Тышкы башкарууну киргизүүнүн эсебинен «Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн бардык алтын жана компаниянын пайдасы Кыргыз Республикасынын аймагында калууда. Ошону менен бирге чакан жана орто бизнес боюнча долбоорлорду каржылоо багытында рекультивация фонддорунун каражаттары мамлекеттик банктарда топтоло баштады. Кен чыккан жерлерди иштетүүгө, ишке киргизүүгө инвестиция тартууга түрткү берүү максатында лицензияларды кармоо үчүн ставкалар өзгөртүлдү.

Азыркы учурда ата мекендик тоо-кен — геология комплексин капиталды көп талап кылган ишканалар түзөт. Алар 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө бюджетине жалпы салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр менен кен иштетүүдөгү социалдык төлөмдөрдөн 23 миллиарддан ашык сом төлөшкөн».