Бейшемби, 19.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Кумтөрдүн» алтыны боюнча комиссиянын төрагасы кылып Мадумаровду шайлап берсеңер дегем»

11:32 02.11.2022
0
Садыр Жапаров: «Кумтөрдүн» алтыны боюнча комиссиянын төрагасы кылып Мадумаровду шайлап берсеңер дегем»

«Ооба, «Кумтөрдүн» алтыны боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Айрым ою бузук жарандар, бир депутатыбыз шек санап, «Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур» деп жалаа жабууга аракеттерди кыла башташканда өзүм демилге көтөрүп, «депутаттардан турган комиссия түзгүлө» деп эл өкүлдөрүнөн сурандым». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабарга» берген маегинде билдирди.

“Комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн да кошуп алгыла” дедим. «Комиссиянын төрагасы кылып Мадумаровду шайлап берсеңер» дедим эле, тилекке каршы, макул болбой койгонбу, айтор Исхак Масалиев комиссиянын төрагасы болуптур. Мейли кимиси болсо да, «Кумтөргө» барышсын, ийне-жибине чейин текшерип келишсин, анан элге жарыя кылышсын. Канча алтын казылыптыр, кайда сатылыптыр, канчасы Улуттук банкта сакталуу экен, уурдалыптырбы же уурдалбаптырбы – баарын айтып беришсин. Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат. Өз көздөрү менен көрүп келишсин.

Биз «Кумтөрдү» кайтарып алган күнү эле тааныш-билиштерибиз «жумушка киргизип койсоңор» деп эшик кага башташты. Мен бардык туугандарымды чогултуп алып «Кумтөргө» жолобогула, бир дагы кишини жумушка киргизбегиле. Кийин ар кандай болуп «Кумтөр» иштебей калса, “мына, силер адис эмес адамдарды киргизип атып, иштете албай калдым» деген сөзү болот” деп айттым. “Жоопкерчилик Теңгиз мырзанын өзүндө болсун. Бошогон орундар болсо, өзү кызматка алып, өзү жооп берсин” деп Теңгиз мырзанын өзүнө толук укук бергем. “Бир килограмм эт, бир килограмм картошка дагы сатпагыла. Кыскасы, жакындашпагыла” дегем.

Ошол күндөн ушул күнгө чейин бир дагы жакын тууганым «Кумтөр» менен иш кылбайт. Теңгиз Бөлтүрүккө биринчи күндөн баштап какшап айтып келдим. «Теңгиз мырза, мындан ары сиз чет мамлекеттерде менчик ишкананы башкарып жүргөндөй башкарбаңыз. «Кумтөр» мамлекеттик ишкана болот. Каражаттарды оңго-солго чачпаңыз. Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан издеп барат. Буга чейин “Кумтөрдөн” жеп келгендердин оозун тигиңиз. Өзүңүз да уурдабаңыз. Таза иштеңиз» деп «Кумтөрдүн» бир тыйынына да аралашкан жокмун.

Ошондон баштап эле “таза иштеп атам” деп, бизди ынандырып келген. Биз болсо «Кумтөр» Кыргызстанга толук өткөнгө чейин ызы-чуу кылбай туралы деп текшерүү жибербей турдук. Анан “Кумтөр” Кыргызстандын энчисине толук өтөрү менен Эсеп палатасын жибердим, 3 ай текшерип келишти. Сатып алууларда коррупциялык элементтер аныкталды. Жыйынтыгында Теңгиз мырза жана башка тиешеси бар жетекчилер камалды. Азыр тергөө жүрүп жатат.

Биз элден эч нерсе жашырбайбыз. Балким Эсеп палатасы же мамлекеттик органдар көрбөй-билбей калган кемчиликтери болсо депутаттык комиссия билип келеттир. Андан мамлекетке эч кандай зыяны жок, пайда гана болот, кемчиликтери болсо, оңдоп алабыз дегендей», — деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:01 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сүйналиев Руслан Мырзабекович мурда жүктөлгөн...

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:44 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:47 18.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагалары жана алардын орун басарлары шайланып, тиешелүү токтом кабыл алынды. Депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагалыгына...

Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 18.03.2026
0

Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Алмаз Бакетаевди Улуттук...

БШК Ормоновду, Калбердиеваны, Чойбековду жана Мурзакимованы Жогорку Кеӊештин шайланган депутаттары деп тааныды

БШК Ормоновду, Калбердиеваны, Чойбековду жана Мурзакимованы Жогорку Кеӊештин шайланган депутаттары деп тааныды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:41 18.03.2026
0

 Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-марттагы жыйынында Ормонов Улугбек Зулпукаровичке № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, Калбердиева Мавлюда Калмаматовнага №...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

08:44 19.03.2026
«Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция фактысы боюнча шектүүлөр кармалды

«Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция фактысы боюнча шектүүлөр кармалды

17:30 18.03.2026
Орозо айт намазы эски аянтта окулат

Орозо айт намазы эски аянтта окулат

08:26 19.03.2026
Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду

Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду

10:13 19.03.2026
20-22-март күндөрү ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт

20-22-март күндөрү ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт

10:09 19.03.2026
Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

09:01 19.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү