Садыр Жапаров “Кумтөрдүн” иши боюнча кеңешме өткөрдү

Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-февралда жумушчу кеңешме өткөрүп, анда “Кумтөр Голд Компани” ЖАК 2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана жакынкы келечекке пландары каралды.

Ишкананын президенти Алмаз Барыктабасовдун маалыматына ылайык, 2022-жылдын 12 айында “Кумтөрдө” 17,3  тонна алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөрдү 32,1 миллиард сом суммасында которгон, план боюнча 30,1 миллиард сом болчу. 2026-жылдан тартып калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алынып башталат. Калдык сактоочу жайдагы калдыктарды толук кайра иштетүү 2040-жылга чейин болот. Андан алынган алтындын жалпы баасы дээрлик 3,5 миллиард доллар деп бааланууда.

Маалыматты уккан соң, Садыр Жапаров “Кумтөр” кенинин үзгүлтүксүз иштеши жана бардык бөлүмдөрдүн туруктуу иштеши камсыз кылынуусу керектигин билдирди. Ишкананын ачык-айкын ишмердүүлүгүн камсыздоого, айрыкча жабдууларды жана башка керектүү буюмдарды сатып алуу сыяктуу тармактарда коррупцияны болтурбоого өзгөчө көңүл бурду.