Президент Садыр Жапаров «Кумтөр» алтын кенине Эсептөө палатасын жибергенин айтты. Анын жыйынтыгы болжолдуу эки айдан кийин чыгат.
«Кумтөрдүн» бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жибердим. «Кумтөр» алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет», — деп жазды ал.