Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-февралда өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо, анын ичинде мамлекеттин чек ара коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин аткарылып жаткан иштер боюнча баяндамаларын угуп, күжүрмөн жана кызматтык даярдыкты жогорулатуу, ошондой эле алардын ишин координациялоонун натыйжалуулугун чыңдоо боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.