Садыр Жапаров: «Кыргыз делегациясы Казакстан менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды»

«Кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды. Сүйлөшүүлөр кызматташтыгыбыздын ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн белгилейт»,- деди президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган билдирүүсүндө.

Мамлекет башчысы кыргыз-казак кызматташтыгынын дээрлик бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкуулангандыгын, эки өлкө үчүн маанилүү келишимдер түзүлүп, бир катар чечимдер кабыл алынгандыгын белгиледи.

«Биз мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, интеграцияны жана эл аралык бирикмелердеги өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурдук»,- деди Жапаров.

Ал Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Президент эки өлкөнүн жана эки элдин улуттук кызыкчылыктарын илгерилетүүдө кыргыз-казак жогорку мамлекеттер аралык кеңешке, парламенттер аралык кеңешке жана өкмөттөр аралык кеңешке, жакынкы келечекке пландалган кезектеги жолугушууларды өткөрүүгө чоң үмүт артылганын кошумчалады.

Ал ошондой эле, эки тарапты тең  кызыктырган регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашып, көп тараптуу кызматташуу форматында биргелешкен иш-чаралар пландаштырылып, ЕАЭБдин алкагындагы өз ара алака маселелери талкууланганына токтолду.

«Жалпысынан кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды. Сүйлөшүүлөр кызматташтыгыбыздын ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн белгилеп кетким келет. Ошол эле учурда алдыда жасала турган дагы көп иш бар. Бул үчүн бизде боордош Казакстан менен бардык багыттарда өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө каалоо, умтулуу жана саясий эрк бар»,- деди Жапаров.