Садыр Жапаров: «Кыргыз сому 30 жыл ичинде туруктуулуктун символу болуп келди»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

«Советтик мезгилден кийинки өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп улуттук валютаны кабыл алып, жүгүртүүгө чыгарган. Азыр артка кылчайып, ошол окуяларга баа бере турган болсок, бул чечим маанилүү кадам болгонун көрө алабыз. Анткени өз валютабыздын киргизилиши биздин көз карандысыз өнүгүү жолубузду аныктап, өз алдынча акча-кредиттик саясат жүргүзүүгө шарт түзгөн.

Кыргыз сому 30 жыл ичинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн туруктуулугунун символу жана өлкөнүн көз карандысыз экономикалык саясатынын негизги элементи болуп келди», — деди президент.
Ал кыргыз сомун киргизүү процессинде катышкан бардык адамдардын – ошол учурдагы Улуттук банктын төрагасы, ыраматылык Нанаев Кемелбек Касымкуловичтин, Улуттук банктын төрагасынын орун басары Абдуманапов Эмил Садыковичтин, премьер-министрлер – Исанов Насирдин Исановичтин жана Чынгышев Турсунбек Чынгышевичтин, вице-премьер-министр Койчуев Турар Койчуевичтин эмгегин эскерип, валютаны киргизүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө, сүрөтчүлөргө, тарыхчыларга жана экономисттерге терең ыраазычылыгын билдирди.