Садыр Жапаров: «Кыргыз соту жаргылчак сыяктуу, кокус ага түшсөң андан оңой менен чыга албайсың»

Адвокаттар сот адилеттигин жүргүзүүдө мыйзам менен адам укугунун үстөмдүгү деген принципти коргоонун бир негизи болуп эсептелет. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда президент Садыр Жапаров адвокаттардын II съездинде сүйлөгөн сөзүндө айтты.

«Кыргыз сот адилеттигинин тарыхында соттун таразасына түшүп калган адамдын тагдыры күтүүсүз кокустуктарга туш болгон мисалдар көп. Кыргыз соту жаргылчак сыяктуу, кокус ага түшсөң андан оңой менен чыга албайсың. Мен ошол жаргылчактын кыйынчылыктарын бир нече жыл бою башымдан өткөргөн адам катары айтып жатам. Чынын айтайын, эгерде адвокаттардын жардамы болбосо, биринчи кезекте алардын моралдык колдоосу болбосо, сот иштеринде башка түшкөн кыйынчылыктардан чыга алмак эмесмин», — деди ал.

Мамлекет башчысы адам укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык укук адвокаттардын маанилүү ролун таануу менен бирге мамлекеттин белгилүү бир милдеттерин да белгилээрине токтолду. Мисалы, эркиндигинен ажыратылып, камакка алынган адамдарга адвокатты камсыз кылуу; адвокаты жок адамдарды көз карандысыз жана компетенттүү коргоочу менен камсыздоо, ал тургай айрым бир учурларда, акысыз таап берүүнү кепилдеген юридикалык жардамдарды түзүү; ошондой эле жазык сот өндүрүшүндө коргоочу менен айыптоочу тараптардын тең атаандаштыгына мүмкүндүк берүү милдеттери бар.