Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жаракат алган чек арачылардан кабар алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июнда Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде курал колдонуу менен катталган окуянын жүрүшүндө жаракат алган алган чек ара кызматкерлеринен кабар алды.

Мамлекет башчысы жоокерлер менен баарлашып, алардын акыбалын сурап, тез арада сакайышын каалады. «Учурда бейтаптар адистердин көзөмөлүндө жана Улуттук госпиталда тийиштүү медициналык жардам алып, бардык зарыл диагностикалык изилдөөлөр жасалды», — деп айтылат маалыматта.