Садыр Жапаров: «Кыргызстан Германия менен активдүү кызматташууну колдойт»

Бүгүн, 22-июнда президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшүүлөрү болду.

Жапаров Германия президенти менен учурашууда бул сапар — Германиянын Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүгө даярдыгынын жакшы бир белгиси экенин белгиледи. Өз кезегинде Штайнмайер Жапаровго Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул анын Кыргызстанга үчүнчү ирет келиши.

Садыр Жапаров өз сөзүн улап, Кыргызстан Европада гана эмес, дүйнөдөгү лидер мамлекеттердин бири болгон Германия менен активдүү кызматташууну колдоорун белгиледи. Экономикалык тармакка токтолгон Садыр Жапаров ири инфраструктуралык долбоорлорго, жол курууга, ирригациялык системаларды модернизациялоого чоң көңүл бурулуп жатканына билдирди.

“Мурда башталган альтернативалык «Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу уланууда. Коңшу мамлекеттердин катышуусунда темир жол транспорту жаатында да ири долбоор пландалган. Бул «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол магистралынын курулушу. Долбоорду ишке ашыруу региондун өлкөлөрү үчүн жалпы оң социалдык-экономикалык натыйжа берет. Дагы бир ири инфраструктуралык долбоор өткөн жылдын июнь айында башталган, бул аймактагы эң ири “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу. Анын негизги максаты Кыргызстандын жана жалпы региондун энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу. Ошондуктан, бул биз үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ”, — деди Садыр Жапаров.