Садыр Жапаров: «Кыргызстан глобалдык чакырыктарды чечүүгө өз салымын кошууга даяр»

«Кыргызстан глобалдык чакырыктардын маанилүүлүгүн түшүнөт жана аларды чечүүгө өз салымын кошууга даяр», — деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында эл аралык Астана форумунда чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.
Мамлекет башчысы иштеп жаткан эл аралык системанын негизги постулаты катары кызматташууга артыкчылык берүү менен заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Биздин өлкөлөр бири-бири менен тандалган багыттарын текшеришип, дүйнө менен сүйлөшө ала турган ар кандай аймактык форматтар барган сайын суроо-талапка ээ болуп баратат. Ошондуктан, мындай интеллектуалдык, эксперттик эл аралык Астана форуму сыяктуу аянтчалар, мен керек болсо стратегиялык аянтчалар дейт элем, бүгүнкү күндө өзгөчө баалуу жана өзгөчө мааниге ээ. Биздин көз алдыбызда жаңы дүйнө тартибин калыптандыруу процесси эгемендүү мамлекеттерге жана бүткүл дүйнөлүк коомчулукка коркунуч жана коопсуздук чакырыктарынын күчөшү менен коштолууда», — деди ал.