Садыр Жапаров: “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972 чакырым. Анын 664 чакырымын такташтык”

«Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972 чакырым. Анын 664 чакырымын такташып бүттүк».  Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жазды.

308 чакырымы калды. Албетте иштер тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак, жакшы болмок. Бирок менин көз карашымда иштер жай жүрүп жатат. Бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Эң негизгиси тынчтык болсо, баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз», — деп жазды ал.