Садыр Жапаров: «Кыргызстан Ооганстанда аскердик конфликттин токтошун жактайт»

Президент ШКУ өлкөлөрүнө кол салууга жол бербөө жана миграциялык процесстерди жөнгө салуу үчүн өз ара аракеттенүүнүн стратегиясын иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Душанбе шаарында (Тажикстан) өтүп жаткан ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумунда сунуш кылды.

Аны менен бирге ал, Кыргызстан эң эле көп жабыркаган ооган калкынын да, регион жана эл аралык коомчулуктун кызыкчылыгында да Ооганстанда аскердик конфликттин токтошун, тынчтык, бейпилдик жана стабилдүүлүктүн орношун жактаарын белгиледи. Президент Кыргызстан Ооган элине гуманитардык жардам жөнөтүүгө даярдыгын билдирди.

Андан соң Садыр Жапаров санариптештирүүнүн глобалдашуу тенденциясынын, маалыматык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүүсү фонунда акыркы жылдары ШКУ мейкиндигинде кибертерроризмдин тобокелдик жана коркунучтары күчөгөнүнө катышуучулардын көңүлүн бурду. Президент киберкоопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташууну жылдыруу максатында, ШКУга мүчө-мамлекеттердин тармактык министрлик жана ведомство жетекчилеринин кеңешмеси түрүндөгү атайын механизмди негиздөөнү сунуштады.

Ал ошондой эле, кыргыз тараптын Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борборду Бишкек шаарында негиздөө демилгесин эске алуу менен, ШКУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна карата чакырык жана коркунучтарга каршы туруу механизмдерин жакшыртуу жөнүндө ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын өз убагындагы чечимин кубаттады.