Бейшемби, 22.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Кыргызстандын банктарына санкция салуу — далилсиз кадам»

11:20 21.08.2025
0
Садыр Жапаров: «Кыргызстандын банктарына санкция салуу — далилсиз кадам»

Президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана АКШ өкмөтү тарабынан Кыргызстандын айрым банктарына киргизилген санкцияларына жооп берип, кыргыз банктары Орусияга каршы батыштын чектөөлөрүн айланып өтүүгө катышканын тастыктаган бир да далил жок экенин билдирди. Мамлекет башчысы батыш мамлекеттеринин Кыргызстанга карата мындай каршы кадамдарын экономиканы саясатташтыруунун белгиси катары баалады.

— Улуу Британия өкмөтү “Борбордук Азия Капитал Банкы” банкына карата санкция киргизгенин билдирди. Себеп катары бул финансылык мекеме Орусияга карата батыш өлкөлөрү тарабынан киргизилген санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бериши мүмкүн деп айтылды. Январда кыргызстандык “Керемет Банкка” АКШ санкция киргизгени белгилүү болгон. Буга чейинки маектериңизде сиз Кыргызстан Орусияга киргизилген санкцияларды айланып өтүүгө жардам бербегенин белгилегенсиз. Эми бул чараларга карата кандай комментарий бересиз? Кыргызстанга таасири кандай болот?

— Ооба, туура айтасыз. Январь айында «Керемет Банкка» Америка санкция киргизген. Өзүңүз суроо бергендей, «Керемет Банк» санкцияларды кыйгап өтүшү мүмкүн» деп.

Бирок санкцияларды кыйгап өткөн бир дагы факты көрсөтө алышкан эмес. Көрсөтө да алышпайт эле. Себеби санкцияларды кыйгап өткөн бир факты жок эле. Азыр деле жок. Бизде бүгүнкү күндө 21 банк иштейт. Ошол санкцияларды кыйгап өткөн банктар болуп калып бардык банктарыбыз санкцияга кирип калбасын деп бир гана мамлекеттик “Керемет Банк» рубль менен иштесин, бардык операцияларды мамлекет өзүбүз көзөмөлдөп туралы, кирешеси да мамлекеттик казынага түшсүн деп рублди “Керемет Банкка” байлаганбыз. Азыр деле “Капитал Банк” таза кирешени толугу менен мамлекетке төгүп атат.

Америка санкция салгандан кийин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Американын биздеги элчиси Лесли Вигерини чакырып алып бул эмне кылганыңар деп баарлашкан. Ал OFAC (ОФАК — чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча башкармалык) билет деп кутулган. Амангелдиев баштаган делегация Америкага ОФАКка чейин барып жолугуп келишкен.

Биз көз каранды эмес аудитордук компанияларды чакырып “Керемет” жана “Капитал” банктарды текшертели. Жыйынтыгын чогуу карап, анан чечим чыгаралы деп элчи Вигериге сунуш бергенбиз, бирок алар баш тартышкан.

Алар да бир факты бере алышкан эмес. Жөн гана бизде ошондой маалыматтар бар деп кутулушкан. Ал маалыматтарын биз жакшы билебиз. Бул жакта олтурган НПОчулар менен биздин ички душмандар анонимдүү жалган маалыматтарды жиберишкен. Азыр да жиберип турушат.

Анан ошол жалган маалыматтарга таянып санкцияга киргизип коюшкан. Бирок ал маалыматтарын да көрсөтө алышкан эмес. Анан биздин делегация ОФАК менен да, Американын биздеги элчиси Лессли Вигери менен да акылдашып, рубль менен “Капитал Банк” иш алып барсын, бул дагы 100 пайыз мамлекеттик банк, Финансы министрлиги көзөмөлдөйт, ачык отчет берип турат деп рублди “Капитал Банкка” байлаганбыз. Себебин жакшынакай түшүндүргөнбүз.

Орусияда биздин миллионго жакын мигранттар бар. Алар бул жакка күнүгө миллиарддаган рубль которушат. Аларды конвертация кылып берип турушубуз керек деп.

Эми минтип дал эле “Керемет Банкка” Америка санкция салгандай “Капитал Банкка” да Англия санкция салып жатат. Эч бир далил да көрсөтө алышкан жок. Баягы эле күмөн саноо. Ушундан улам мага дагы күмөн саноо ой келет. Кыргызстандын экономикасы жогорку темп менен өсүп жатканын көрүп, билип турушат да. Мисалы ИДПбыз 11,7 пайызга чейин өсүп, КМШ өлкөлөрүнүн алдында бара жатабыз. Ушундан улам биздин үстүбүздөн басым жасоо иш-аракеттерин кылып жатышат деп ойлойм. Үлкөн мамлекеттер башка мамлекеттердин тез өнүгүп кетишин каалабайт эмеспи. Баары алардын көзүн карап, сурамчыланып жүргөнүн эле каалашат да.

Ошондуктан мен бул өлкөлөрдүн жогорку жетекчилери, Дональд Трампка жана Кир Стармерге кайрылат элем. Балким, аларга маалымат жетпей жатат.

Экономиканы саясатташтырбагыла. Биз көп векторлуу саясат жүргүзүп келе жатабыз. Силер менен да экономикалык жактан кызматташуудабыз. Мисалы, Англия мамлекетине эле жылына миллиард долларга алтын сатабыз. Анан мындай бизге кылган мамилеңер адилеттүүлүккө жатпайт. Ошондуктан ишенбесеңер ошол маалыматтарыңарды көтөрүп алып келгиле бизге. Банк бардык маалыматтарды ачык көрсөтүп бергенге даяр.

— “Борбордук Азия Капитал Банкы” банкына карата санкция кириши менен Орусияга басым болобу же биздин өлкө эле кыйналабы?

— Орусиянын кылы кыйшайбайт. Чынын айтсам “Капитал Банк” да кыйналбайт. Финансы министрлигинин алдында кандай иштесе, ошондой иштей берет. Пайдасын мамлекетке бере берет.

Орусияга санкция киргизип койду эмне өзгөрдү. Тескерисинче, санкция киргенден кийин Орусия көп тармактан өздөрүнүн өндүрүштөрүн, айыл чарбасын жогорку деңгээлге чыгарып алышты. Мурда импорт кылып жатышкан продукцияларды азыр экспорттоп атышат. Газ менен нефтисин мурда кандай экспорттосо, азыр деле ошондой экспорттоп атышат.

Мисалы, Орусиянын Сбербанкына санкция киргенден кийин бир жылдык таза кирешеси 2024-жылы 4,8% өсүп, 13 миллиард доллардан ашкан.

Албетте айрым тармактарда санкциянын кесепети бар. Бирок таптакыр эле мөгдүрөп калгыдай эмес. Мунун баарын биз анализдеп, көрүп турабыз да. Санкция киргизип жаткан Батыш өлкөлөрү деле билишет. Өздөрү деле Орусия менен соода-сатык кылып жатышат.

2024-жылы Европа биримдигине мүчө өлкөлөр Орусия менен 141 миллиард долларга соода сатык кылышкан. Тактап айтканда Европа өлкөлөрү Орусиядан 36 миллиард долларга товар импорттогон.

Ал эми, биздин банкка санкция киргизген Улуу Британия өзү 2024-жылы Орусия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн. Бул деген өзүбүздүн муктаждык үчүн Орусия  менен деле иштеше беребиз деген кеп да?

Жогоруда айткандай биздин банктар Орусияда иштеп жүргөн мекендештерибиздин акча которууларын эле тейлеп атат да. Бул деле алардыкындай биздин муктаждык. Ошондуктан башкалардан бир нерсени талап кылаардан мурда ошол ишке өзүң үлгү болушуң керек.

Биз өзүбүздүн күчүбүз менен экономикабызды жогорулатып келе жатабыз. Анан ушул сыяктуу өнөктөштүккө туура келбеген кадамдарды мамлекеттин ички ишине кийлигишүү деп түшүнсө да болот.

Мен дайым айтып келгем, дагы бир жолу эскертем. Биз эл аралык милдеттенмелерди сактоого даярбыз. Сактап келгенбиз, сактап жатабыз, сактап келебиз. Бирок мен биздин жарандардын кызыкчылыктарын, мамлекеттин соода-экономикалык өнүгүүсүн жокко чыгарууга жол бербейм. Санкциялык басым менен деле күнүмдүк оокатыбыз жүрө берет.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:13 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Автор Эдита Ильясова
10:26 29.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Зордуктады деген айыпты тагуу үчүн 350 миң сом опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды

Зордуктады деген айыпты тагуу үчүн 350 миң сом опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды

11:58 21.01.2026
Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

11:23 21.01.2026
Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

2
Зордуктады деген айыпты тагуу үчүн 350 миң сом опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды

Зордуктады деген айыпты тагуу үчүн 350 миң сом опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды

11:58 21.01.2026
Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

11:23 21.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү