— Акыркы, эң негизги суроом. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу макулдашууну Жогорку Кеңеш ратификациялады. Бул долбоордун деталдарына токтоло кетесизби? Үлүштөр кандай бөлүштүрүлөт? Биз канча каражат чыгарабыз? Чыгара турган каражатыбызды насыя катары алабыз деген маалымат айтылды. Бул тышкы карызыбызга кандай таасир этет?
— Бул долбоор тышкы карызга кирбейт. Бул долбоор коммерциялык долбоор болот. Үч өлкө биригип биргелешкен компания түздүк. Компаниянын кеңсеси Бишкек шаарында болду. Башкы директору кыргыз тараптан болду. Ал эми эки орун басары эки жактан болду. Каражаттын баары Бишкек аркылуу өтөт. Демек, темир жол бүткөнчө канча каражат кеткени биздин жана үч өлкөнүн көзөмөлүндө болот. Кытай тарап 51 пайыз акча салат, кыргыз-өзбек тарап 24,5 пайыздан акча салабыз. Эл аралык нормалар боюнча салынган каражаттар акталгандан кийин эки тарап чыгып кетип, 100 пайыз бизге калат.
Бул жол биринчи кезекте башкаларга эмес, бизге керек. Туюк өлкөдөн түбөлүк чыгабыз. Европа жана башка өлкөлөр менен Кытайдын ортосунда транзиттик өлкөгө айланабыз. Экономикалык пайдасы да эбегейсиз зор болот.