Садыр Жапаров: «Кызыл-Омпол уран кени эмес, ал титаномагнетит кен»

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде Кызыл-Омпол кенине байланыштуу суроолорго жооп берди.

«Биринчиден уран кени деп айтуудан алыс болушубуз керек. Бул кенди саясий айдыңда популисттик кылгандар уран кени деп атап алышкан. Муну мен бир жылдан бери дыкат иликтеп чыккан адам катары айта алам. Бул кенди титаномагнетит кени деп аташыбыз керек. Анткени, руданын 95 пайызын титаномагнетит түзөт.

— титаномагнетит — (95 %);
— фосфор — (3 %);
— цирконий — (2 %);
— торий — (0,22 %);
— уран — (0,17 %) бар.

Мына өзүңүздөр көрүп тургандай дээрлик көпчүлүгү титаномагнетит. Ал эми фосфор, цирконий, торий анан барып 0,17 пайызы уран экенин көрүп турасыңар. Кандай гана кен байлык чыккан жер болбосун бир эле курам болбойт. Сөзсүз түрдө ар кайсы курамдардын түрлөрү болот. Бирок жогоруда көрүп турганыңардай аз-аздан көлөмдө болот. Мисалы Кумтөрдү алалы. Бир эле алтын курамы эмес, күмүш, жез, күкүрт сыяктуу көптөгөн курамдар бар.

Эми Кызыл-Омполго кайтып келели. Биз титаномагнетитти эле алып, калганын таштап койбойбуз. Руданы ташып барып, Кара-Балтадан ар бирин өз өзүнчө бөлүп алабыз. Андан кийин кайсыл өлкө сураса, ошол өлкөгө чийки зат катары сатабыз. Акчасы түз 100 пайыз республикалык казынага келип түшөт», — деди ал.