Садыр Жапаров «Максим Бакиев акылсыз эмес» дейт

Бүгүн, 11-майда президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу кечээ, 10-майда УКМК тарабынан кармалып, ошол эле күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан Алексей Ширшов тууралуу үн катты. Ал жазган постунда “кийинчерээк Максим Бакиев да келет” дегендерге жооп кайтарды.

«Ал эми “кийинчерээк Максим Бакиев да келет” деп ач айкырык салып жаткандарга көңүл бурбагыла. Максим Бакиевди “башыңан ылдый алтын куябыз” деп чакырсаңар да келбейт, ал анчалык акылсыз эмес», — деди ал.