Садыр Жапаров: «Мамлекетти саздан сууруп чыгам деген кыялым болгон»

Президент Садыр Жапаров Түркиянын «Аваз» телеканалына берген маегинде кыялдары тууралуу да айтып берди. Анын айтымында, ал абакта отурганда да иштеп, кыялына жетүүгө аракет кылган.

«Мамлекет башчылыгына келип, мамлекеттин саздан сууруп чыгам деген кыялым болгон. Ошол кыялыма бүгүн жеттим. Эми алдыңкы беш жылдыкта мамлекетти саздан сууруп чыгам деп отурам», — деди ал.

Мындан тышкары, ал мамлекеттин өнүгүүсү үчүн 3 нерсе керек экенин айтты. «Биринчиден, өзүнүн кен байлыктары болушу керек. Экинчи, туризми болушу керек, үчүнчүдөн өлкөгө инвесторлорду тартып келиш керек», — деди ал.