Садыр Жапаров мамлекеттик компаниялардын кирешелери боюнча: «Каякка кетип жүргөн?»

Мамлекеттик «MegaCom» компаниясынын кирешеси эки эсеге өстү. Бул тууралуу президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. Садыр Жапаров муну уюлдук оператордун жетекчилеринин ак ниет эмгегинин натыйжасы деп эсептейт. 

«Мегаком» боюнча айтайын. Ушул жылдын башында анын башчысын алмаштырганмын. Келишим тузгөнбүз. Мурдагы жылдары 2-3 миллиардга чейин таза киреше берип аткан болсо, 2-3 жылдан бери 500 миллионго түшүп калган. Тарифтер, абоненттери ошондой эле, бирок киреше 500 миллионго төмөндөгөн. Мен жаңы жетекчи коюп туруп, минимум 1,5 миллиардга чыгарасың, болбосо жоопко тартыласың дегенмин. Мына  бүгүн 1,5 миллиард таза киреше берди.1 миллиард сом каякка кетип жүргөн? Өзүңөр ойлонуп көргүлө. Былтыр болгону 1,5 миллиард чейин салык төккөн. Быйыл 3 миллиард салык төгүп, 1,5 миллиард сом  таза киреше таап атат. Мурда 1,5 миллиард салык төккөн, салыктан да, таза кирешеден да 1 миллиард жеп жүргөн.  Мына ушундай фактылар өтө көп.

Темир жол боюнча, мурда 2 миллиард карыз болгон. Мен июль айында жетекчисин алмаштырдым дагы, эгерде коррупцияга аралашып, мурдагыларга окшоп ичип-жеп кетсең дароо камаласың, түрмөдөн чыкпайсың дегем. Ушундай тапшырманы койгом. Мына бүгүн, алты айдын ичинде, 1 миллиард 578 миллион таза кирешеге чыгышты. Тапкан кирешесине Луговойдон баштап, Кыргызстандын аймагындагы бардык темир жолдорду оңдой баштадык, жаңы вагондорду ала башташты.

Аэропорт боюнча, быйыл салыктарды төлөгөндөн кийин 3 миллиард 110 миллион сом таза кирешеси болду. Мурда 1 миллиард 800 миллион сом гана таза кирешеси болгон. 1 миллиард 200 миллион сом каякта? Ошол эле рейстер, ошол эле тарифтер, ошол эле аэропорт.

«Дастан» заводу боюнча дагы, мурдагы бийликтин убагында камалгандар болгон. Алар ошол заводдун таза кирешесин жеп жүрүшкөн, шайлоого колдонуп салышкан. Муну дагы көзөмөлүмө алдым. Мурда карызга батып калган болсо, быйыл 1 миллиард сомго таза кирешеге чыгабыз деп турат.

Ошондой эле Айдаркен, Кадамжай комбинаттарын дагы иштете баштадык. Кудай буюрса, жакын арада кирешелерди бере башташат. «Кыргызнефтегаз» боюнча, жылдын башында жаңы жетекчи койгонбуз. Таза кирешени 3 эсеге көтөрүп атат. Мунай иштеп чыгуучу „КПК“ заводу он эсеге көтөрүп атат. Элдин эмгек акысын 10 эсеге көтөрүп берип жатат. Мына ушундай киреше бере турган мамлекеттик мекемелерди, тармактарды көзөмөлгө алсак эле, коопсуздугубуз камсыз болот, урматтуу жыйындын катышуучулары», — деди ал.