Садыр Жапаров: «Манас» айылы жаңыланат, маңдайына «Манас» театры курулат»

«Манас» айылы жаңыланат, маңдайына «Манас» театры курулат». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде айтты.

«Манас» айылы Дөөлөт Сыдыковдун, ал эми Ак үй менин менчигим эмес. Элдики. Чектери биригип турат. Анча-мынча бурч болуп кармалып калган кашааларын түздөп салып жатышат. «Манас» айылын дагы жаңылап салабыз. Азыркы ахывалын барып көргүлөчү. Адамдар эмес, ит көргүс. Биз аны накта «Манас» айылы кылып жасайбыз. Азыркы турушун, архитектурасын «Манас» айылы деп айткандан уяласың. Манаска тиешелүү эч нерсеси жок. Логикага сыя турган бир дагы архитектурасы жок. Мындан сырткары «Манас» айылынын мандайына «Манас» театрын салабыз. Жасап жаткан иштеримди сындагандын ордуна колдоп тургула. Өкүнбөйсүңөр», — дейт президент.