Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди.

«Кемпир-Абад маселеси азыркыдай коомчулукка кеңири чыга электе эле бир катар депутаттарды, анын ичинде Адахан Мадумаровду да Өкмөт үйүнө чакырып, аталган маселени ийне-жибине чейин түшүндүрүп бергем. Жарым жыл мурда өзүн үйүмө конокко да чакырып: «Адахан мырза, Кыргызстан бирөө эле, ынтымакташалы, мага колуңардан келсе жардам бергиле. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып бергиле», — дегем. Айтылган ойлорго муюп, ынангандай болуп, эки саат олтуруп, “достошуп” кетти эле. Бир апта өтүп-өтпөй кайра эле кыйкырып чыкты. Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам.

Өзгөнгө барып эл менен жолугуп келдим. Баткенден баштап Чаткал, Ала-Букага чейин жергиликтүү тургундардан үч жүздөй кишини Бишкекке алдырып, Өкмөт үйүндө баарлаштым. Кемпир-Абадда “курултай” уюштургандардын бардыгын бөлүп-жарбай чакырдым. Жети саат тынбай сүйлөштүк, диалог кылдык. Түшүнүп эле кеткендей болушат, анан мындай чыгып эле түз кетип жаткан иштерди бурмалаганга өтүп жатышпайбы.

Ток этер жерин айтсам, буларды “Кемпир-Абад” маселеси деле кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо экен. “Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликтин бир жерине илинип калсам” дегендер. Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен.

Камалгандар боюнча мен кийлигише албайм. Укук коргоо органдары бар. Мамлекеттин, элдин коопсуздугун камсыз кылуу – алардын түздөн-түз милдети. Алар өз ишин так аткарып атышат. Акыркы чекитти сот коет. Ошондон кийин гана мага кайрылышса, ырайым берип камактан чыгарууга укугум болот. Мыйзамдуу жолу ушундай», — деди президент.