Садыр Жапаров: «Матраимов боюнча териштирүү уланат»

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча териштирүү уланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда «Кабар» маалымат агенттигине маек берип жатып айтты.

«Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн моюнуна алып, 2 миллиард сомдон ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз. Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлкү боюнча суроо салып, кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт», — деди Жапаров.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 11-февраль күнү Матраимовдун ишин караган. Анда Райымбек Матраимов Жазык кодексинин 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айып пул деп чегерилген. Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айткан

Соттун ага 260 миң айып пул салышы коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып, ишти караган тергөөчү Матраимовдун кишилеринин биринин бир тууган иниси экени тууралуу маалыматтар тарады.