Садыр Жапаров: «Мен баламды тебелеп кеткен адамды деле кечирип койгом»

Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы маалымат жыйында уулун тебелеп өлтүргөн жаранды кечиргенин айтты. Ал бул кырсык экенин белгиледи.

Дастан Садыр уулу 2019-жылдын 22-августунда мотоцикл менен бара жатып жол кырсыгына учурап, төрт күндөн кийин эсине келбей Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө көз жумган. Ал 27 жашта эле жана үй-бүлөдө тун бала болгон.