Садыр Жапаров: «Мен президент болгонума сүйүнбөйм»

Мен президент болгонума сүйүнбөйм. Мындай пикирин өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстандын “Казинформ” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

“Убагы келгенде президент болом деген максатым бар болчу. Качан экенин билбейт элем. Былтыр октябрь айындагы толкундоолордун натыйжасында бийлик колума тийди. Бирок мен президент болгонума сүйүнгөн эмесмин. Эң негизгиси кан төкпөй, тынчтык жолу менен, мародёрлукка жол бербей, кедейлер менен байларды кагылыштырбай, тынчтыкты сактап калганыма сүйүнөм. Президент болгонума эмес, тынчтыкты сактап калганыма сүйүнөм”, — деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Казакстандык “Казинформ” маалымат агенттигинин журналисти “Мындан жарым жыл мурун “мамлекетти башкарам деп ойлодуңуз беле?” деген суроо узаткан.