Садыр Жапаров менен БУУ өкүлү Наталья Герман сейил бакка көчөт отургузушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-мартта аялдардын жергиликтүү кеңештерге шайлоого активдүү катышуусун колдоо иш-чарасына катышты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

«Кыргызстанды бирге өнүктүрөбүз!» деген ураан астында өткөн иш-чарага БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман катышты.

Президент айылдык кеңештердеги орундардын 30 пайызын аялдар үчүн калтыруу айылдык кеңештердеги аялдардын санынын өсүшүнө алып келерине ишенимин билдирди. Анын натыйжасында жергиликтүү деңгээлде чечим чыгаруу маалында гендердик теңчиликти камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Садыр Жапаров бийликтин бардык деңгээлдеринде аялдарды колдоо өлкөнү ийгиликтүү өнүктүрүүнүн чечүүчү өбөлгөсү болорун баса белгиледи. Ал аялдардын үй-бүлөгө эле камкордук көрүү менен чектелбегенин, аймактар үчүн да кам көрүүгө умтулуп жатышын колдой турганын билдирип, алардын бакубатчылыкты алып келүүгө, социалдык жоопкерчиликти көтөрүүгө салымын чындап кошо аларын кошумчалады.

Президент белгилегендей, кыргыз элинин тарыхында аялдарды жана алардын укуктарын ар дайым урматтап келишкен, буга Курманжан Датка менен Кыз Сайкалдын мисалдары далил болгон, ал тургай аскерлерди эркектер менен бирдей жетектеген. Анын айтымында, квота бөлүштүрүү эл өз тарыхын унутпагандыгын жана укуктарын сактап, аялдарга урмат көрсөтүүсүн улантып жаткандыгын билдирет.

Ошондой эле Садыр Жапаров БУУ, ЕККУ сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдү, Германия, Корея, Орусия, АКШ, Түркия, Швейцария, Япония өкмөттөрүн жана башкаларга шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган Кыргызстандын күч-аракеттерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен биргеликте борбордогу «Ынтымак» сейил багына жергиликтүү кеңештерге шайлоого аялдардын активдүү катышуусун кеңейтүүнү колдоо максатында көчөттөрдү отургузушту.

«Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо аялдар үчүн 30 пайыздык орунду резервдөө кепилдендирилген. Ушул жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлөт. 7560 орундун 2943 мандаты аялдарга берилет.