Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча сүйлөшүү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитинин аянтчасында жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты. Эки өлкөнүн лидерлери тийиштүү түзүмдөргө ок атышууну токтотуу жана ок атышуу линиясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тапшырма берүүнү макулдашты.

«Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын мамлекеттик коопсуздук министри Саймумин Ятимов жеринде иштеп, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлөт. Ошондой эле, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тездетүү боюнча макулдашуу жетишилди»,- деп айтылат маалыматта.