Садыр Жапаров менен энергетика министри жолугушту. Кайсы маселелер каралды?

Бүгүн, 10-февралда президент Садыр Жапаров менен энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев жолугушканын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда керектөөчүлөрдү электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо жана өнөр жай потенциалын көтөрүү боюнча чаралар талкууланды.

Ошондой эле энергокубаттуулукту генерациялоону арттыруу жана энергиянын кайра жаратуучу булактарын өнүктүрүү максатында азыркы жана алдыдагы мезгилде атамекендик энергосистеманын иштөө режими, республиканын энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Министр жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу жана жалпы эле энергетика тармагы менен өнөр жайды өнүктүрүүнүн келечеги боюнча милдеттер ишке ашырылып жатканын маалымдады.
Ал энергокызматтар өлкө керектөөчүлөрүн электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн иш жүргүзүүгө даярдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы республиканын калкын электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо өзгөчө олуттуу маселелердин бири экенин жана стратегиялык энергетикалык жабдуулардын туруктуу иштешин камсыздоо атамекендик энергетика тармагынын ведомстволору менен чарбалык субъектилеринин биринчи кезектеги чарасы болуп саналарын билдирди.

Садыр Жапаров жаңы энергетика кубаттуулуктарын ишке киргизүү, энергиянын кайра жаратуучу булактарынын потенциалын пайдалануу боюнча иштерди тез арада баштоо зарылдыгына токтолду.
Келечекте өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуунун жана бүтүндөй энергосистеманын рентабелдүүлүгүнө жетишүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоонун, республиканын өнөр жай потенциалын жогорулатуунун жана бул тармактарга кошумча инвестицияларды тартуунун зарылдыгын дагы бир ирет белгиледи.