Атчандар кароолунун коштоосу менен… Жапаров менен Эрдогандын Анкарадагы жолугушуусу (видео)

Бишкек убактысы боюнча саат 17:40та Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара шаарында жолугушту. Жолугушуу Түркия президентинин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.

Садыр Жапаровдун кортежи ардактуу атчандар кароолунун коштоосу менен Анкара шаарындагы президенттин ак сарайына келди. Кыргызстандын президентин Режеп Тайип Эрдоган тосуп алды. Мамлекет башчылары учурашкан соң, Кыргызстан менен Түркиянын гимндери жаңырды. Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери тизилип турган Ардактуу кароолду бойлой басышты. Президент Садыр Жапаров жоокерлер менен түрк тилинде «Merhaba, asker!» деп саламдашты.

Андан соң мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып, мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түшүштү. Расмий жолугушуу аземинин жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын президентинин кеңсесине бетме-бет сүйлөшүүгө киришти.