Мындан 1 жылдан ашуун убакыт мурда президент Садыр Жапаровдун бизнесмен Азим Рой менен түшкөн сүрөтү жарыяланып, талкуу жараткан. Сүрөттө депутат Акылбек Түмөнбаев да болгон.
Ал эми бүгүн, 15-ноябрда УКМК маалымат таратып, Азим Рой маркум Камчы Көлбаевдин өкүл атасы экенин, ага издөө жарыяланганын билдиришти.
Учурунда бул сүрөт боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин ошол учурдагы маалымат катчысы Эрбол Султанбаев комментарий бербей турганын айткан. Ал эми депутат Түмөнбаев СУПЕРТВга берген маегинде Азим Рой Кыргызстанга инвестиция салам деп жатканын билдирген.