Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарованы Монголияда кандай тосуп алышты? (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда мамлекеттик сапар менен Монголияга барды.
Мамлекет башчынын борту Улан-Батор шаарынын «Чыңгызхан» эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Президент Садыр Жапаровду Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн тосуп алды. Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, эки тараптуу документтер кабыл алынат. Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Монголиянын эки шаарында — Улан-Батор жана Эрдэнэтте өтөт.