Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Парижде Франциянын президенти Эммануэль Макрондун атынан мамлекет башчыларын жана биринчи айымдарды кабыл алуу иш чарасына катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров кечээ, 9-ноябрда Париж шаарына барган. Мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета саммитинин» ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат.