Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев жолукту. Эмнелер талкууланды?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Астана шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Эки өлкөнүн лидерлери өз ара кызыгуу жараткан бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамиканы белгилеп, Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапарынын, ошондой эле анын «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу жолугушуу эки өлкөнүн алака-катышын мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады. Ал биргелешкен күч-аракеттердин аркасында жетишкендиктер арбып, эки тараптуу өнөктөштүк мындан ары да ырааттуу өнүгө берерине бекем ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Садыр Жапаров бүгүнкү күндө эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык түзүлүп, конструктивдүү жана ишенимдүү диалог жолго коюлганын белгиледи. Бардык багыттарда, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тарапты тең кызыктырган кызматташуу жигердүү өнүгүп жатканын айтты. Эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү жогорулап, ушу тапта ал 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,8 пайызга өстү. Ошону менен бирге ал эки тараптуу мамилелердин маанилүү багыттарынын бири болуп саналган маданий-гуманитардык байланыштарга өзгөчө басым жасап, аларды сөзсүз түрдө өнүктүрүп-өстүрүү керектигин билдирди.