Садыр Жапаров менен Катардын эмиринин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Бүгүн, 7-июнда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Ала-Арча» резиденциясында Кыргызстандын жана Катар мамлекетинин мамлекеттик желектери желбиреп турду, Ардак кароол тизилип, килемчелер төшөлдү. Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашкан соң, Кыргызстандын жана Катар Мамлекетинин мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров жана шейх Тамим бин Хамад Аль Тани өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды, андан кийин Ардак кароолдун жоокерлери мамлекет башчыларынын алдында салтанаттуу марш менен өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.