Бүгүн, 15-майда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин эки өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү. Андан соң Садыр Жапаров менен Анвар Ибрагим өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырып, Ардак кароолдун аскер кызматкерлери өлкө башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү. Андан кийин президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим биргелешкен сүрөткө түшүп, кеңири форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.