Садыр Жапаров Мирзиёев менен «Яшнабад» инновациялык технопаркына барышты

Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 12-мартта, Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына бирге барышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган технопарк жогорку технологиялуу, атаанташтыкка жөндөмдүү, экспортко ылайыкташкан жана импортту алмаштыруучу өндүрүштү түзүү милдеттерин иш жүзүнө ашырууга багытталган өнөр жай ишканалар тобун камтыйт.

Анда эки өлкөнүн мамлекет башчылары технопарктын көргөзмө залына барышып, электромобилде өндүрүш цехтерин, Өзбекстанда өндүрүлгөн продукцияларды көрүп чыгышты.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев технопарктагы ишканалардын жетекчилери менен баарлашты. Алар мамлекет башчыларына гидроэнергетика, гоелогиялык чалгындоо, машина куруу жана башкалар жаатындагы инновациялык иштелмелер жана айыл чарба, текстиль өнүмдөрү тууралуу айтып беришти.

Аны менен катар технопарктагы ар кыл багыттагы инновациялык иштеп чыгууларды эске алуу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Ошондой эле президенттин аппаратынан билдиришкендей, Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштырууда кыргыз тарапка 20 тез жардам унаасы белек катары берилди.