Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоевдин расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн, 11-мартта Ташкент шаарынын Куксарой резиденциясында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинди. Эки өлкөнүн гимндери жаңыргандан кийин мамлекет башчылары Ардактуу кароол ротасынын тизилген жоокерлерин бойлоп басып өтүштү. Андан ары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты. Андан соң Ардактуу кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өттү.

Расмий жолугушуу аземинин жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев чакан форматтагы сүйлөшүүгө киришти.