Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Нью-Йоркто жолугушту

Президент Садыр Жапаров кечээ, 19-сентябрда Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин талкуулашты. Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча да пикир алмашты.