Жапаров менен Рахмон чек ара маселелерин талкуулашты (сүрөт)

Бүгүн, 29-июнда президент Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Душанбе шаарында кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Өлкө лидерлери күн тартибинде турган чек ара тилкелериндеги коопсуздукту камсыздоодогу кызматташтык жана региондук, эл аралык уюмдардын алкагында тышкы коркунучтарга каршы аракеттенүү жаатында эки тараптуу актуалдуу маселелерди талкуулашты. Ошондой эле, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселелер талкууланды.

Эмомали Рахмон  эки тараптуу мамилелердеги башкы маселе, албетте, мамлекеттик чек ара тилкелерин делимитациялоо, демаркациялоо менен байланыштуу экенине басым жасады. «Бул маселенин көп жылдан бери токтоп тургандыгы эки тарапты тең тез арада өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу зарылдыгына ынандырат», — деди Рахмон. Анын айтымында, чек арадагы акыркы окуя тараптардын чек ара маселелерин трансулуттук кызыкчылыктарды эске алуу, сүйлөшүүлөр жолу менен гана ырааттуу чечиши керектигин ачык көрсөттү.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Тажикстан менен болгон өз ара мамилелерди жогору баалаарын белгиледи. «Биз ар дайым кыргыз-тажик мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү, өз ара пайдалуу көп кырдуу кызматташууну тереңдетүү, ошондой эле Тажикстан менен ынак коңшулук мамилелерди жана тең укуктуу өнөктөштүктү бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын узак мөөнөттүү приоритеттерине дал келерин билдирип келдик. Бул айтылгандар бүгүнкү күндө дагы актуалдуу. Анын үстүнө, тараптар каалабаган жаңжалды баштан кечиришти, ал эки тарапка тең кайгы, зыян алып келди. Бул кырдаалды эки элдин бакубатчылыгы үчүн чечүүгө акылыбыз жетет деп ишенем», — деди  Жапаров.

Президент кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселелерди тезинен макулдашып чечүү жана тийиштүү келишимге кол коюу кызматташуунун жаңы багыттарын ачарына, эки тараптуу кызматташуунун бүткүл комлексин активдештирүүгө өбөлгө болооруна басым жасады. Ал эки өлкөнүн, өзгөчө, чек ара райондорунун элдеринин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн, чек ара райондорундагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча иштерди улантуунун, улуттар аралык кастыкты козутууга жана жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай деструктивдүү аракеттерге бөгөт коюунун маанилүүлүгүн белгиледи.