Шейшемби, 17.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров мигранттарга кайрылуу жасады

10:36 18.12.2023
0
Садыр Жапаров мигранттарга кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештер! БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде бүткүл дүйнө жүзүндө 18-декабрь Мигранттардын эл аралык күнү катары аныкталган.

Кыргызстан 2003-жылы тиешелүү мыйзамды кабыл алуу менен Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенцияга кошулуп, Мигранттардын эл аралык күнүн белгилеп келет. Биздин мекендештер дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап, иштеп үй-бүлөсү менен жакындарына эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын колдоого баа жеткис салым кошуп келаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Мигранттардын коомубуздун ажырагыс бөлүгү катары, айрыкча, мамлекеттин башына оор күн келген учурда же ар кандай ийгиликтерди жаратып, эл аралык коомчулукка чыгууда колдоого муктаж болгон жарандарга кол суна билген аракеттери миңдеп саналат. Дегеле миграцияда жүргөндөр социалдык, экономикалык, маданий жана башка долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү менен өлкө аймактарынын өнүгүшүнө инвестиция салышат. Алардын мындай камкордугу менен боорукердиги – жоопкерчиликтин, мекенчилдиктин эң бийик үлгүсү!

Мамлекет сыртта жүргөн мигранттарыбызды колдоо багытында “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” жарлыкка ылайык 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын алкагында иш алып барууда. Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу менен миграциялык процесстерди турукташтыруу, миграция агымын жараткан факторлорду жумшартуу аракеттери көрүлүүдө. Өлкөдөн тышкары жүргөн мекендештердин, ошондой эле өлкө аймагында турган иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо аркылуу миграциялык потенциалды өлкө кызыкчылыгына багыттоо жаатында да жылыштар бар. Бара-бара эмгек миграциясынын агымы диверсификацияланат жана пайдалуу экономикалык шарттар, укуктук жана социалдык кепилдиктер менен камсыз кылынат.

Урматтуу мекендештер, айрыкча, алыс-жакында эмгектенип жүргөн журтташтар, Кыргызстандын жаркын келечегин куруу үчүн баарыбыз биримдикте, ынтымакта, бир көз карашта болушубуз шарт. Биздин алган багытыбыз бир болгондо гана кыйынчылыктарды жеңип, көздөгөн максатыбызга жетебиз. Дүйнө жүзүнүн чар тарабын багындырып, талбай эмгектенип, алга умтулуп жүргөн ар бир мекендешибизге ийгиликтерди каалайм. Ойлогон ой-максаттарыңар ишке ашсын, мекенчил сезимиңер арта берсин!».
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:13 16.03.2026
0

Кечээ, 15-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жогорку...

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:56 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:14 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:18 13.03.2026
0

"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азык-түлүккө, этке болгон баа белгиленген чектен ашпайт деп убада бергени менен, бирок баалар баары бир...

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:04 13.03.2026
0

"Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда". Бул тууралуу президент...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
142 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан учуп келди

142 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан учуп келди

10:18 16.03.2026
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

09:49 16.03.2026
Борбор калаада Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды

Борбор калаада Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды

09:24 16.03.2026
142 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан учуп келди

142 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан учуп келди

10:18 16.03.2026
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

09:49 16.03.2026
Борбор калаада Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды

Борбор калаада Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды

09:24 16.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү