Шейшемби, 23.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров милиция кызматкерлерин куттуктап жатып эмнелерди айтты?

11:48 01.11.2024
0
Садыр Жапаров милиция кызматкерлерин куттуктап жатып эмнелерди айтты?

Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарында Борбордук “Ала-Тоо” аянтында өткөн салтанаттуу иш-чарада Ички иштер министрлигинин өздүк курамын Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“1924-жылы Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөндөн кийин ушул эле жылдын 1-ноябрында Ревкомдун тутумуна облустук милиция башкармалыгы кирген административдик бөлүм түзүлгөн экен. Мына ушул күн Кыргыз милициясы түзүлгөн күн катары тарыхыбызда калды. Эңсеген эгемендигине жеткен кыргыз мамлекетинин милиция органынын калыптанышы оор шарттарда жүргөн. Эң алгач эле билимдүү кадрлардын жетишсиздиги, транспорттун, криминалисттик технологиялардын жоктугу бул системанын алдыга жылышына бир топ эле кедергисин тийгизген экен. Алгач милиционерлердин колунда орус-япон согушундагы винтовкалар эле болгон экен. Ошентсе да тартип сакчыларына өтө күчтүү талаптар коюлган. Бул тармакка татыксыз адистер иштебеши керек деген максатта милицияга жаңы кирген адис тууралуу коомчулукта начар пикирлер айтылса, ал дароо кызматынан алынган. Мына ушинтип маанилүү кызматтын абыроюн ар тараптан арттыруу үчүн катуу чаралар көрүлүп, 1925-жылдын 25-июлунда ошол кездеги Пишпек шаарында милициянын алгачкы мектеби ачылган. Ошол жылдардан тарта кыргыз милициясы өлкөдө мыйзамдуулукту орнотууга бел байлап, катуу киришип, ууру-кески, жеп-ичкичтер менен аёсуз күрөш жүргүзүп баштайт. Ошол учурларда алгачкы милиция кызматында иштеген Эргеш Алиев, Балтыходжа Султанов, Георгий Шадилов, Садык Мураталлин, Турдалы Токбаев, Санжар Касымбеков жана башкалардын аттары атайын белгилеп айтып кетүүгө арзыйт.

Милиция кызматын күчтөндүрүү иштери ушул ыргак менен эле токтоп калбай, 1930-жылдары милициянын катарында бир да сабатсыз адис болбошу керек деген милдет коюлуп, ал ишке ашырылган экен. 1937-жылдагы трагедиялуу репрессиянын эпкини милиция тутумуна да тийип, катардагы милиционерден баштап, райондук бөлүм башчыларына чейин бир катар милиция кызматкерлерине дагы “эл душманы” деген жалган жалаа коюлуп, атылып кетишкен.

Ал эми Улуу Ата Мекендик согушта тажрыйбалуу милиционерлердин кан майданга жөнөтүлүшү милиция кызматынын ишин кыйла эле оорлоткон.

Согуштан кийин Кыргызстанда 1963-64-жылдары кайгуул кызматынын, МАИнин, аймактык тескөөчүлөрдүн ишине катуу көңүл бурула баштайт. 1969-жылы Милициянын атайын орто мектеби ачылат. Мына ушул атайын мектепте өлкөдө тартиптин сакталышына эмгек сиңирген Өмүрбек Кутуев, Бакирдин Субанбеков, Анатолий Скаргин, Садырбек Дубанаевдер билим алып чыгышкан. Ошол мезгилдерде баңгилик жана баңгизаттарын бизнеске айланткандар көбөйүп, милициянын орчундуу милдеттеринин бири дал ушул баңгибизнесине каршы күрөш биринчи планга чыккан.

Андан кийинки 1985-жылдары башталган “Кайра куруунун” шарапаты менен демократия атына жамынган ээнбаштык күч алып, анын менен кошо уюшкан кылмыштуулук, рэкетчилик, коррупция тамырын жаят. Мына ушундай катаал учурларда ички иштер органдары бел чечпей, күндөп-түндөп күрөш жүргүзүп келишкен.

Эгемендик жылдарында башка бардык тармактардай эле милиция системасында дагы бир топ кыйынчылыктар болду, алсызданды, аксады. Кыргыз Республикасына мүнөздүү болбогон кылмыштын жаңы түрлөрү пайда болду. Ал аз келгенсип, милициянын баскан-турганынан тартып, ишине, элге кылган мамилесине, кийген формаларына чейин сын-пикирлер байма-бай айтылып турду. Бирок сындан адам чыйралгандай эле, бул тармактын адистери тыкыр талдоо жүргүзүү менен жаңы шартта, жаңы заманда милиция кызматы кандай болушу керек деген маселенин үстүндө иш алпарышты. Эгемендик жылдарында милиция тутумун жакшыртуу жаатында бир топ мыйзам актыларына түзөтүүлөр киргизилип, ошол мезгилде курч турган кадр маселеси боюнча милиция кызматына юридикалык жогорку билими бар адистерди тартуу колго алынган. Бул багытта Ички иштер министрлигинин Бишкек жогорку мектеби ачылып, кийин ал академия болуп кайрадан түзүлгөн.

Урматтуу мекендештер!

Мен кыргыз милициясынын бир кылымдык таржымалына көз чаптырып, жаштар үчүн, кийинки муун үчүн тарых болсун деп урунттуу учурларын 3-5 мүнөткө жетпеген убакытта тизмектеп гана өттүм. Болбосо соңку 30 жылда эле өлкө башынан өткөргөн революциялардын маалындагы тартипти сактоодо кыргыз милициясы кандай чоң роль ойногонун өзүңүздөр билесиздер. Эгерде бул окуялардын жүрүшүндө тартипти сактоодо алдыңкы сапта милиция кызматы турбаганда окуялар дагы кандай өңүттө өнүгүп кетет эле ким билет…

Борбор калаабыз Бишкек эле эмес, өлкөнүн булуң-бурчунда жашап жаткан жарандарыбыздын коопсуздугу дал ушул тартип сакчысы атанган милициянын ишмердигинен түздөн-түз көз каранды. Милиционерлер коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ар күнү өмүрүн тобокелге салып келишет. Өлкөбүздү ар түрдүү коркунучтардан жалтанбай коргоп, кыйынчылыктардын курчоосунда калса да, берген антты абийирдүүлүк менен аткарып, чыныгы эрдиктин үлгүсүн көрсөтүшүүдө. Коомдук түзүлүштүн өзгөргөнүнө карабастан, калыстыктан тайбай, милдеттерди так аткарган тартип сакчылары калың элдин алкышына татып, аттары атпай журтка маалым болуп олтурат. Мына ошондуктан, элибиздин бейпил турмушун камсыздоо үчүн жүктөлгөн милдеттерди күнү-түнү тыным албай иштеп келаткан ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамына жана алардын башында турган жетекчилерге – азыркы ардагер милиционерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем!

Кадырман калайык-журт!

Кыргыз милициясы түзүлгөндөн бери 100 жыл аралыгында миңдеген кызматкерлер эли-жерибиздин тынчтыгын сактоо үчүн кылмышкерлер менен күрөшүп, кызмат учурунда баатырларча курман болушкандар бар. Биз эл-жерибиздин коопсуздугу үчүн ак кызматын өтөп жаткан учурунда курман болгон милиция кызматкерлерине башыбызды ийип, таазим кылабыз. Алардын ар биринин асыл эмгектери, жаркын элестери эч качан унутулбайт. Алардын аттары өлкө тарыхында алтын тамгалар менен түбөлүк жазылып калды. Ата Мекен үчүн жасаган эрдиктери кийинки жаш муунга бийик өрнөк болуп, баатырдыктын даңкы катары кылымдарга баалана берет. Мына ушундай баатыр уулдарды тарбиялап өстүргөн алардын ата-энелерине терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Урматтуу Ички иштер органдарынын кызматкерлери! Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө орун алып жаткан өзгөрүүлөр менен жаңы чакырыктар бизден мындан да бекем, мындан да ыкчам аракеттерди талап кылат. Ушундан улам, менин тапшырмамдын негизинде акыркы төрт жылда Кыргыз милициясында мыкты шарттар түзүлүп келе жатат.

Биз адегенде эле өздүк курамдын төрт мезгилге төп келген сырткы кийиминен баштап, бардык материалдык-техникалык базасы чыңдап бердик. Жалпы республика боюнча милиция кызматындагылардын маянасы эки эсе жогоруласа, Баткен жергесинде кызмат өтөгөн милиционерлердин айлыгы төрт эсеге жогорулады.

Ошондой эле атайын күжүрмөн санарип технологиялар ишке киргизилип, коопсуздукту камсыздоо жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Жаңы программаларды, кибер-коопсуздукка байланышкан техниканы колдонуп, адамды жүзүнөн таанып, ошол жерден аныктай турган заманбап технологиялар менен иш алпарууга толугу менен өттү.

Өлкө аймагындагы коомдук жайларга төрт миңден ашуун видео-камералар орнотулуп, алар аркылуу күнү-түнү көзөмөл жүргүзүлүп, жалпыга бирдей болгон коомдук тартип сакталып келүүдө. Олуттуу иш-аракеттердин натыйжасында акыркы төрт жылда кылмыштын катталуусу дээрлик 50 пайызга төмөндөп, коомдук жайларда одоно тартип жана мыйзам бузуулар жөнгө салынып келе жатат.

Мына ушундай саамалыкты улай быйылкы жылдын башынан бери Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына 100 жаңы имарат ачуу демилгеси ийгиликтүү ишке ашып, бардык аймактарда заманбап шарттары менен жаркыраган жаңы имараттар, биринин аркасынан бири ачылып, колдонууга берилүүдө.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жакында эле “Коопсуз шаар” долбоорун Ички иштер министрлигинин карамагына толугу менен өткөрүп берүү Жарлыгын чыгарып, бир катар тапшырмаларды бердим. Азыркы учурда Ички иштер министрлиги бул долбоорду “Коопсуз өлкө” долбооруна айлантып, жалпы республикага жайылтууга бел байлап турат. Мунун баары элибиздин коопсуздугуна, кылмышы жана укук бузуусу жок өлкөнү курууга карата жасалган мамлекеттик деңгээлдеги кадамдар экенин баса белгилеп кетейин. Жакынкы келечекте дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратууга Ички иштер министрлигинин толук мүмкүнчүлүгү бар.

Урматтуу тартип сакчылары! Милициянын кадырлуу ардагерлери! Сиздердин эрдигиңиздер бүгүнкү күнү да чоң сый-урматка татыктуу.

Айрыкча Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесин белгилөө – бул сиздерге болгон терең урматыбыздын белгиси. Бүгүнкү күндө адилеттүүлүктү иш жүзүнө ашырып келе жаткан мамлекеттик органдардын бири – ички иштер органдары болуп эсептелет. Ошондуктан, күн сайын аткарып жаткан милдетиңиздерде калыстыктан тайбаңыздар. “Эл сакчысы” деген ардактуу атты – сиздерге болгон элдин ишенимин бийик кармап, ошол ишенимге ширелген вазийпаны так аткарыңыздар. Элибиздин тынч жашоосуу үчүн жан үрөгөн эмгегиңиздер, өлкөбүздүн туруктуулугунун жана коопсуздугунун негизин түзөөрүн эч качан эсиңиздерден чыгарбаңыздар.

Сөзүмдүн соңунда жалпы коопсуздукка жооп берген ички иштер органдары мындан ары дагы жүздөгөн жылдар бою элибизге ак кызматын өтөп, калкыбыздын сыймыгы болуп, бүгүнкүдөй даңктуу салтанаттарды далай жолу өткөрөсүңөр деген аруу тилегимди билдирем.

Баарыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Мекенибизде ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, мамлекетибиздин өнүгүү жолундагы байсалдуу сапарыңыздар ийгиликтүү улана берсин. Ар бир милиция кызматкеринин жүрөгүндө Манас атабыздын кайрат-күчү, деми, айкөлдүгү, ар-намысы жаңырып турсун! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!”.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:22 21.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна...

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:39 20.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өлкөнүн премьери Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Саясий,...

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Автор Эдита Ильясова
14:55 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында беш депутаттык топ түзүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү менен шайланды. Нурланбек Тургунбек уулунун...

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Автор Эдита Ильясова
10:06 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген 87 депутатынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жыйынга президент Садыр Жапаров келди. Жыйынды депутат...

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Автор Эдита Ильясова
09:46 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттарынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жергиликтүү ЖМКлар депутаттар 5 депутаттык топко бөлүнгөнүн жазышты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Депутат Кокулов өзү тууралуу такталбаган маалыматтар тараганын айтты (видео)

Депутат Кокулов өзү тууралуу такталбаган маалыматтар тараганын айтты (видео)

15:13 22.12.2025
«Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисембин ооруканага түштү

«Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисембин ооруканага түштү

10:39 22.12.2025
«Бөтөн райондо эмне жүрөсүң?» Бишкекте сабалган өспүрүмдөрдүн видеосу тарады

"Бөтөн райондо эмне жүрөсүң?". Милиция өспүрүмдөрдү тапты

10:16 22.12.2025
Кытайдан Кыргызстанга гумжардам келди (видео)

Кытайдан Кыргызстанга гумжардам келди (видео)

1
Кытайдан Кыргызстанга гумжардам келди (видео)

Кытайдан Кыргызстанга гумжардам келди (видео)

18:53 22.12.2025
23-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:32 22.12.2025
Түштүк Кореянын атактуу актёру менен актрисасынын үлпөт тою өттү

Түштүк Кореянын атактуу актёру менен актрисасынын үлпөт тою өттү

17:27 22.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү