Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Аксыдагы селдин кесепетин тез арада жоюуну тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда Министрлер кабинетине Жалал-Абад шаарынын Аксы районунда кечээ, 12-июлда жүргөн селдин кесепетин тез арада жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Ошондой эле табигый кырсыктан улам жабыркаган элге тийиштүү жардам көрсөтүү милдети коюлду.

Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн селдин кесепетинен улам каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Садыр Жапаров бүтүндөй өлкө жаратылыш кырсыгынан улам жакындарын жоготкон кыргызстандыктардын оор кайгысын тең бөлүшүп жаткандыгын баса белгилеп, бардык жабыркагандар тезирээк сакайып кетет деп үмүттөнөрүн билдирди.

Кырсыктан жабыр тарткандардын бардыгына мамлекет тарабынан колдон келген колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.