Жума, 30.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров министрлердин жана башка жетекчилердин орун басарларын кыскартууну тапшырды

14:24 03.12.2021
0
Эрнис Ашырбаев менен Азамат Апсатаров президенттин жардамчылары болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров «Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыктын тексти:

Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча  чаралар жөнүндө Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн ички резервдерин табууга олуттуу көңүл бурулбай жатат. Республикалык бюджеттин каражаттарын пайдаланууну контролдоо механизмдеринин төмөнкү натыйжалуулугу бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууга, кем чыгууларга жана уурдоолорго, күйүүчү майлоочу материалдарды сарптоо боюнча, электр жана жылуулук энергиясын керектөөгө, байланыш кызматтарына белгиленген ченемдерди аткарбоого, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгарууга, башка финансылык тартип бузууларга алып келет. Мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин ыгы жок көбөйтүлгөн аппараты, республикалык бюджеттин каражаттарын пайдаланууну контролдоонун ишенимдүү механизминин жоктугу, мамлекеттик менчик объекттерин сарамжалсыз жана пассивдүү эксплуатациялоо бюджеттик каражаттарды жана активдерди натыйжасыз сарптоого алып келет. Кээ бир кабыл алынып жаткан мыйзам актылары жана башка ченемдик укуктук актылар мамлекеттин болгон экономикалык жана финансылык ресурстары менен бекемделген эмес, бул мамлекеттин жарандар алдындагы милдеттенмелерин аткарбоого алып келет. Финансылык кыянаттык кылуулар жана бузуулар талаптагыдай контролдун жоктугунун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин өздөрүнүн милдеттерин аткарууга жасаган жоопкерчиликсиз жана кайдыгер мамилелеринин, күнөөлүүлөрдүн жана кызмат адамдарынын жазасыз калышынын натыйжасы болуп саналат. Республикалык бюджеттин чыгашаларын тартипке келтирүү жана аны реалдуу аткаруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

  1. Министрлер кабинети:

1) 2022-жылдын 1-мартына чейин 2022-2023-жылдарга республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кечиктирилгис чаралардын программасын иштеп чыксын жана бекитсин, башка чаралардын ичинде төмөнкү милдеттүү иш-чараларды ишке ашырууну карасын:

— республикалык бюджеттин каражаттарын алуучу мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды инвентаризациялоону жана аларды өзүн-өзү актоочулукка жана өзүн-өзү каржылоого которуунун, кайра уюштуруунун, кайталануучу функцияларды жоюунун жана жетектөөчү кызматкерлердин санын кыскартуунун негизинде алардын санын оптималдаштырууну жүргүзүү;

— күтүүсүз республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жана социалдык камсыз кылууну тартипке келтирүү;

— мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана республикалык бюджеттин башка алуучулары тарабынан электр жана жылуулук энергиясын, байланыш кызматтарын керектөөгө, эмерек сатып алууга, оңдоого ж. б. белгиленген лимиттердин сакталышына аракеттүү контролду камсыз кылуу;

— министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын автопаркын инвентаризациялоо жана жетекчилерди тейлөөчү кызматтык автомашиналардын санын жана аларды тейлөөгө чыгымдарды кыскартуу жолу менен аларды күтүүгө жумшалуучу чыгымдарды оптималдаштыруу;

— 2022-жылдын 1-мартынан тартып министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматтык автотранспортту сатып алуусуна, административдик имараттарды, кызматтык жайларды капиталдык оңдоосуна тыюу салууну киргизүү;

— аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдери менен аныкталган иш сапарлардан тышкары бюджеттик каражаттардын эсебинен чет мамлекеттерге иш сапарларга баруусуна тыюу салуу;

— ведомстволук уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда финансылык тартипти сактоо, бюджеттик каражаттардын милдеттүү түрдө максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу, пландан тышкары чыгымдарды каржылоого жол бербөө үчүн аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги;

2) 2022-жылдын 1-мартына чейин Министрлер кабинетинин жыйналышында финансылык тартиптин абалы, аткаруу бийлигинин органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы, коротуулар жана уурдоолор менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле аталган бузууларга жол берген кызмат адамдарынын кызмат ордуна ылайык келиши, аларды кызмат ордунан бошотуу жана материалдарды укук коргоо органдарына берүү жөнүндө маселелерди кароо;

3) 2022-жылдын 1-мартына чейин министрлердин орун басарларынын (Ички иштер министрлигинен, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен тышкары), административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын орун басарларынын штаттык кызмат орундарын зарыл минимумга чейин кыскартуу.

  1. Эсептөө палатасы төмөнкүлөр боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн:

— мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик, муниципалдык жана жеке уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын финансылык, материалдык жана башка мамлекеттик ресурстарды башкаруусуна мамлекеттик аудиттин натыйжалуулугун жогорулатуу;

— финансылык тартип бузуулардын бир дагы учурун көңүл буруусуз калтырбастан, жүргүзүлгөн аудиттердин сапатын жакшыртуу жана жогорулатуу;

— келтирилген зыяндын ордун толтуруу, финансылык кыянат кылган күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча өз убагында чараларды көрүү;

— Министрлер кабинетине мамлекеттик аудиттин натыйжасында табылган финансылык кыянат кылуулар жана бузуулар жөнүндө маалыматты аларды жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн квартал сайын берүү;

— мамлекеттик аудитти өркүндөтүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө 2021-жылдын 1-мартына карата маалымат берүү.

  1. Жогорку Кеңешке 2022-жылдын 1-февралына чейин төмөнкүлөр сунушталсын:

— парламенттик ишке байланышкан, мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын камсыз кылууга чыгымдарды: кеңсе жана техникалык каражаттар менен камсыз кылууга; Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген, ченемдик укуктук актыларда каралган өлчөмдөрдө жана тартипте турак жай ижарасына ай сайын компенсация төлөөгө; Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жүргүнчүлөр транспортунун бардык түрлөрүн акысыз пайдалануу укугуна; байланыш каражаттарын пайдаланууга чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү;

— Жогорку Кеңештин аппаратынын түзүмүн оптималдаштыруу, президенттин 26-июндагы № 278 «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» Жарлыгына ылайык Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлеринин штаттык санын 30 пайызга кыскартуу боюнча чараларды, ошондой эле Жогорку Кеңештин Аппаратын күтүүгө чыгымдарды азайтуу боюнча башка чараларды көрүү.

  1. Жогорку Кеңешке төмөнкүлөр сунушталсын:

— Жогорку Кеңештин тиешелүү финансы бөлүмү тарабынан даярдалган кезектеги финансылык жылга Жогорку Кеңешти күтүүгө чыгымдардын сметасынын долбоору Жогорку Кеңештин бардык комитеттери менен макулдашыла тургандыгын аныктоо. Кезектеги финансылык жылга Жогорку Кеңешти күтүүгө чыгымдардын сметасынын долбоору Жогорку Кеңештин аталган комитеттеринин бири менен макулдашылбай калган учурда комитеттер тарабынан каралуучу кезектеги финансылык жылга Жогорку Кеңешти күтүүгө чыгымдардын сметасынын макулдашылган долбоорун иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин комитеттеринин өкүлдөрүнөн жана Жогорку Кеңештин финансы бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүлөт. Кезектеги финансылык жылга Жогорку Кеңешти күтүүгө чыгымдардын сметасынын макулдашылган долбоору Жогорку Кеңештин Аппараты тарабынан республикалык бюджеттин долбоорун түзүүгө жооптуу Финансы министрлигине жөнөтүлөт;

— учурдагы финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбестен ишке ашыруу республикалык бюджеттин эсебинен жабылуучу же болбосо анын киреше бөлүгүн кыскартууга алып келүүчү чыгымдардын көбөйүшүн талап кылган мыйзамдарды кабыл албоо;

— финансылык жылдын ичинде республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралбаган чыгымдарга алып келген мыйзамдарды кабыл алууда учурдагы финансылык жылдан кийин алардын күчүнө кириши жөнүндө ченемдерди кабыл алынуучу мыйзамдарда караштыруу.

  1. Учурдагы финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин кабыл алынган жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен аталган мыйзамда каралбаган чыгымдарга алып келген президенттин, Министрлер кабинетинин ченемдик укуктук актылары Финансы министрлиги менен милдеттүү түрдө макулдашылышы керек жана учурдагы финансылык жылдан кийинки жылы каржылоо жүргүзүүнү караштырган ченемдерди камтууга тийиш деп белгиленсин.

Аталган ченемдик укуктук актылар кезектеги финансылык жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө Министрлер кабинети тарабынан эске алынат.

  1. Башкы прокуратура бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жана финансылык тартип жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөлдү аткаруу бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бюджеттик каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузууларды аныктоо үчүн прокурордун ыйгарым укуктарын максималдуу пайдалануу менен активдештирсин.

Эмгек акыны, жөлөкпулдарды төлөөгө жана калктын аялуу катмарын социалдык колдоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугуна өзгөчө көңүл бурсун.

Бул чөйрөдөгү мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча прокуратура органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө президенттин Администрациясына квартал сайын маалымат берип турсун жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка маалымдасын.

  1. Министрлер кабинети:

— өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

— 2022-жылдын IV кварталында ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча иштери жөнүндө аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын отчетторун карасын.

  1. Президенттин 23-апрелдеги № 98 «Республикалык бюджетти үнөмдүү чыгымдоону камсыз кылуу, финансы тартибин чыңдоо жана мамлекеттик менчикке жана бюджеттик каражаттарга кол салууга каршы күрөштү күчөтүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Указы күчүн жоготту деп таанылсын.
  1. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин Администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
  2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн  тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу  керек»

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу керек»

Автор Айзада Тураркулова
11:41 28.01.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн жыйында гимн тууралуу маселе козгоду. "Сунушталган гимндердин баары марш стилде жазылган, аны баары...

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Автор Айзада Тураркулова
10:13 28.01.2026
0

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев өлкө башчысынын буга...

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Автор Айзада Тураркулова
12:43 27.01.2026
0

Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү