Садыр Жапаров министрлерге: «Ким эл түшкөн автобуска, тыгылышкан маршруткага түштү? Андайлар аз»

«Залда облус жетекчилеринен башка бардык министрлер, ведомстволордун жетекчилери отурушат. Ким канча жолу аймактардагы элдин жашоосун көрүп келди?» – деп сурады президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынында.

«Ким эл түшкөн автобуска, тыгылышкан маршруткага түштү? Андайлар араңыздарда жокко эсе. Аз. Жерге түшкүлө, эл менен болгула”, — деди президент.